НТС

Өзгөн району: унаасы менен кошо өрттөнүп кеткен айдоочунун өздүгү такталды

Бишкек-Ош жолунда унаасы менен кошо күйүп кеткен айдоочунун өздүгү такталды. Ал 1989-жылы туулган, Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну. Учурда окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатат.

22-сентябрда Бишкек-Ош жолунун 619-чакырымында, тактап айтканда, Өзгөндүн Кароол айылына жакын жерде жол кырсыгы болгон. Анда батыш тарапты көздөй бара жаткан «Форд Мондео» машинасы жүк ташуучу унааны артынан келип сүзгөн. Ал кагылышуудан жеңил унаанын айдоочусу набыт болуп, анын унаасы өрттөнүп кеткен.

Алдын-ала маалыматтарга караганда, кырсыкка жеңил унаанын айдоочусу уруксат берилгенден өтө жогору ылдамдыкта бара жатканы себеп болгон.