НТС

Өзөктүк куралга толугу менен тыюу салуу келишимине 51 өлкө кол койду

БУУда өзөктүк куралга толугу менен тыюу салуу тууралуу келишимге кол коюу жараяны башталды. Документ күчүнө кириши үчүн аны 50 өлкө ратификациялашы керек. Алгачкы эле күнү конвенцияга 51 өлкөнүн өкүлдөрү кол коюшту, бирок бардык өзөктүк державалар жана НАТО өлкөлөрү келишимге бойкот жарыялашты.

Документке Алжир, Австрия, Бразилия, Ватикан, Коста-Рика, Индонезия, Куба, Таиланд, Венесуэла өңдүү өлкөлөр кол коюшту. БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш өлкөсү — Орусия, Улуу Британия, Кытай, АКШ жана Франция — документти иштеп чыгууга катышкан эмес жана аны ратификациялоодон баш тартышты. Орусия өкмөтүнөн келишим шарттары өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына дал келбей турганын билдиришти.

НАТОнун жетекчилиги документ ийгиликке жетпестигин, анткени аны иштеп чыгууга өзөктүк державалар катышпаганынын жана документте Түндүк Кореянын өзөктүк программасы сыяктуу эл аралык коопсуздуктун жаңы чакырыктары эске алынбаганын билдирди. Акыркы айларда ал өлкө бир канча жолу баллистикалык ракеталарды учуруп, суутек бомбасын иштеп чыккандыгын жарыялаган. Буга байланыштуу сентябрдын ортосунда БУУнун Коопсуздук кеңеши Пхеньянга карата киргизилген санкцияларды катаалдатуу үчүн добуш берген.