Таштанды полигонуна бөлүнгөн акча кайда кетти? (видео)

1155

329 миң еврого салынган чакан кеңсе, 7 миллион евролук чуңкур. 400 миң евролук бузук трактор. Таштанды полигонуна бөлүнгөн каражат максатсыз пайдаланылган, — дейт вице-мэр Жамалбек Ырсалиев.

Анын айтымында, Европа өнүктүрүү банкынан алынган 22 миллион евронун жарымы чар жайыт колдонулуп кеткен. Насыя жаңы полигон ачып, таштанды иштетүүчү завод курууга сарпталышы керек болчу. Бирок таштанды талаасында азыр эч кандай деле өзгөрүү байкалбайт. Заводдун пайдубалы дагы тургузула элек.