Мыйзамсыз баюуга шектелген дагы бир аткаминер (видео)

1646

Бир нече кафе-ресторандар, көп кабаттуу үйлөр жана ишканалар. «Мыйзамсыз баюуга» шектелип кармалган ишкер Жалил Атамбаевге дагы башка беренелер боюнча айып тагылышы ыктымал. УКМК милициянын отставкадагы полковнигине карата бир нече кылмыш иши козголуп, тергелип жатканын гана айтып, бирок аларды азырынча ачыктай элек.

Айрым булактар «салык төлөөдөн качуу», «мыйзамсыз айланган акчаларды адалдаштыруу» сымал беренелер болушу толук мүмкүн дешүүдө. Убагында милиционер болуп иштеген адам сан жеткис байлыкты кантип топтогон?