Райым Матраимов 2 миллиард сом берип, кутулуп кетеби? (видео)

1693

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Райым Матраимовду абакка камагандан көрө эркиндикке чыгаруу өлкө үчүн көбүрөөк пайдалуу экенин билдирди. Ал эл аралык маалымат каражатына берген маегинде, бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары түрмөгө киргизилсе, бюджетке акча түшпөй калмак деп айткан. Муну менен Садыр Жапаров Матраимов боюнча чечимди жеке ал өзү кабыл алганын ачыктады.

Ал буга чейин соттолгон саясатчыларды мисалга келтирип, алардан мамлекетке бир тыйын түшпөгөнүн, тескерисинче бюджеттин эсебинен абакта багылып жатканын кошумчалады. Садыр Жапаров мындан ары коррупционерлерге ушундай ыкма колдонуларын белгилеген. Учурда коомчулукта Райым Матраимовдун камакка алынбай, үйүнө кое берилгени ар кандай сын пикирлерди жаратууда. Буга кошумча анын мамлекетке келтирген материалдык зыяны 2 миллиард сом деп эсептелгенин көпчүлүк өтө аз деп баалап жатышат.