Райымбек Матраимов кармалып УКМКга жеткирилди

1593

Бажы органдарындагы коррупцияга байланыштуу сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекттик комитетке жеткирилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын кызмат Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын белгиледи. УКМК билдиргендей, азыркы тапта тийиштүү тергөө иштери жүрүп жатат.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу ыктымал экени айтылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.