Куралдуу күчтөрдүн атайын багыттагы бөлүктөрүнүн 100дөй жоокери парашют менен секирүүдөгү күжүрмөн даярдыктарын көрсөтүштү. Алар буга чейин дыкат даярдыктан өтүшүп, окуп машыгышкан.
Алар тик учак менен асманга көтөрүлүп 600-800 метр бийиктиктен түшүштү. Көпчүлүктү мындай тажрыйбага каныгып калса, арасында биринчи жолу парашют менен секирип жаткан аскерлер дагы болду.