НТС

Парламент: Жаңы чакырылышты эски курам түзөбү? (видео)

2020-жылы боло турган парламенттик шайлоо мурдагыларга салыштырмалуу кымбат өнөктүк болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттары айтышууда. Бирок эл өкүлдөрүнүн көбү шайлоонун кымбаттыгына карабай, катышууга кызуу даярданып жатыптыр.

Ал арада, депутаттарга карата люстрация мыйзамын кабыл алууну сунуштагандар да бар. Айрымдар болсо, парламенттин жетинчи чакырылышы эски жүздөр менен эмес, 80 пайыз жаңы адамдардан куралат деп божомолдошууда.