Шайлоонун татаал эрежелери. Финансылык жана административдик ресурстар (видео)

787

Шайлоого катышууну каалаган талапкерлер үчүн эрежелердин татаалдашы депутаттарды айласыздан ушундай пикирлерди айтууга түртүүдө, дешет эксперттер. Бул өтө опурталдуу экенин баары түшүнүп турса дагы, шайлоодо кандай жол менен болсо дагы жеңип чыгууну ойлонгондор көп. Талдоочулардын прогнозунда, бийликтин партиясы административдик ресурс колдонууга барса, атаандаштары акчаларын чачууга аргасыз болушат.

Ошондуктан таза шайлоо өткөрүүгө бардык тараптар кызыкдар болушу керек. Ал эми талаштарга чекит кое турган жарандар утурумдук акчага азгырылбай, туура тандоо жасашы шарт. Алдыдагы шайлоодо талапкерлер капчыгына эмес дараметине, тажрыйбасына, тазалагына карап тандалабы?