Үмөталиев: Ок тийген жоокердин абалында жакшы динамика байкала баштады

3690

Кыргыз-тажик чек арасында ок тийген жоокер Султанбек уулу Мирбектин абалында жакшы динамика байкала баштады. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Тилек Үмөталиев билдирди. Бирок, анын айтымында, жалпысынан жоокердин абалы оор деп мүнөздөлүүдө. 12-майда чек арачыга ичегисинен операция жасалды. «Абалы туруктуу оор. Кечээкиге караганда кадимкидей жакшы. Дары-дармек менен толук камсыз болгон», деди Үмөталиев.

Мамлекеттик чек ара кызматынын 8-майда Баткенде чек ара окуясында жарадар болгон үч жоокери Султанбек уулу Мирбек, Абдисаит уулу Манас жана Турдубай уулу Чыңгыз 10-майда атайын тик учак менен Бишкекке жеткирилген. Көкүрөгүнө ок тийген экөөнүн абалы канааттандырарлык, ал эми омурткасына ок тийген Султанбек уулу Мирбектин абалы оор экени, ал реанимацияда жатканы кабарланган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.