«Мээримдүүлүк текчеси» кайрымдуулук акциясы Бишкекте (видео)

3118

Жардам бере алсаң — бер, муктаж болсоң — ал! Бишкек шаарындагы айрым дүкөндөрдө «Мээримдүүлүк текчеси» аталышындагы кайрымдуулук акциясы башталды. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр текчеге коюлган азык-түлүктөрдү бекер эле ала алышат.

Ошондой эле демөөрчү болом дегендер дагы буга өз салымын кошсо болот. Акциянын уюштуруучуларынын айтымында, мындай иш чаранын максаты — жардамга муктаж болгон адамдарга азык-түлүк жагынан көмөк көрсөтүү.