Өлкөдө таксистердин өмүрү канчалык корголгон? (видео)

3245

Соңку мезгилде таксисттерге кол салган учурлар көбөйдү. Акыркы окуялардын бири бир жума мурда катталган. Анда үч киши Бишкектен такси жалдап, Чүй областынын Аламүдүн районундагы айылдардын бирине айдатып барышкан. Көздөгөн жерине жеткенден кийин шектүүлөр айдоочунун колу-бутун, оозун скочтоп, кароосуз үйгө таштап, унаасын айдай качышкан.

Кылмышка шектүүлөр кармалып, камакка алынганы белгилүү болду. Ал арада такси кызматын көрсөткөн компаниялардын өкүлдөрү коопсуздук эрежелери иштелип чыкканы менен аларды айдоочулар аткарбай жатканын айтышууда.