336

Президент Атамбаев соттордун жоопкерчилигин күчөткөн мыйзамга кол койду

судебный молоток2
Эске салсак, “соттордун статусу тууралуу” документтеги бир топ өзгөртүүлөрдү парламенттеги “Республика-Ата Журт” фракциясы демилгелеп, аларды Жогорку Кеңеш июнь айында кабыл алган. Мыйзамга ылайык, сот тутумунда “дисциплинардык комиссия” деген түшүнүк пайда болот. Ал Соттор кеңешинин курамында болуп, анда чечимдеринин кынтыксыздыгы шек жараткан судьялардын иштери каралат. Бул комиссия сот тутумундагы ротация үчүн дагы жооптуу болмокчу.

Ошондой эле, бул мыйзамда кандай учурда соттор дисциплинардык жоопко тартыла турганы так-даана көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, документте сот болгусу келгендер үчүн талаптар дагы күчөтүлгөн. Аларга ылайык, талапкер өз телефондорун тыңшоого кагаз жүзүндө уруксат берүүсү зарыл. Ошондой эле, болочок судья калпты аныктоочу аппарат – полиграфтын текшерүүсүнөн милдеттүү түрдө өтүшү керек. Бул мыйзам расмий жарыялангандан тарта, 10 күндөн кийин күчүнө кирет.