Президент Жээнбеков Бишкекке өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду

3335

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлык чыгарды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматта жазылгандай, президенттин жарлыгы Конституциянын 64-беренеси, “Өзгөчө абал тууралуу” конституциялык мыйзамдын 3,4,7,8-беренесине ылайык чыгарылган. Массалык башаламандыктын натыйжасында жарандардын коопсуздугун сактоо жана өлкөдө кырдаалды турукташтыруу максатында токтом кабыл алынды.

Ага ылайык, Бишкек шаарынын аймагында 9-октябрь саат 20:00 – 8:00 аралыгында өзгөчө абал жарыяланды. Өзгөчө абал тартып, 21-октябрга чейин киргизилет. Бишкек шаарында комендатура түзүлүп, ички иштер министринин милдетин аткаруучу Алмаз Орозалиев Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалды.

«Ошондой эле көрсөтүлгөн сааттар аралыгында коменданттык убакыт киргизилип, шаарга сырттан жарандардын кириши менен чыгышына өзгөчө режим киргизилет. Айрым жарандарга өздөрүнүн үйүнөн чыгууга тыюу салынат. Мамлекеттик маанилүү жана стратегиялык мекемелерди кайтаруу күчөтүлөт.

Ишкана, мекемелердин иш тартибине өзгөчө режимге ылайыктуу өзгөртүүлөр киргизилет. Кызматкерлердин иштен өз каалоосу менен бошонушуна тыюу салынат. Өзгөчө абал киргизилген аймакта кырдаалдын олку-солку болушуна негиз түзгөн массалык маалымат каражаттарына көзөмөл кылынат. Байланыш каражаттарын пайдалануунун өзгөчө эрежелери киргизилет. Автоунаалардын жүрүшүнө чектөө салынат. Эл көп чогулган жерлерде жарандардын документтери текшерилет. Бишкек шаарынын комендантына шаардын коопсуздугун камсыздоо боюнча тийиштүү чара көрүү тапшырылды.

ИИМ, УКМК, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы жана башка тиешелүү мамлекеттик органдар жергиликтүү бийлик менен бирге шаардын комендантына тынчтыкты сактоого көмөктөшүүгө милдеттендирилди. Башкы штаб Бишкек шаарынын аймагындагы блокпостторду аскер кызматкерлери жана техникасы менен камсыз кылып, куралдуу кагылышуулардын алдын алуу милдети коюлду.

Жогорку сотко жарандык, кылмыш, админстративдик иштерди кароонун аймактык тиешелүүлүгүн өзгөчө абал учурунда өзгөртүү тапшырылды. Башкы прокуратура мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл кылат. Кыргыз өкмөтүнө өзгөчө абал режимин камсыздоого керектүү каражаттарды бөлүү милдеттендирилди. Массалык маалымат каражаттары кырдаалды курчутпоо максатында комендант тарабынан берилген маалыматтарды таратууга тийиш», деп жазылган токтомдо.