НТС

Президент Жээнбеков качан отставкага кетет? (видео)

Президент Сооронбай Жээнбеков арыз жазып кызматын тапшырабы же ордунда калабы? Дал ушул суроо коомчулукта талкуу жаратууда. Айрымдар Жээнбековду мамлекет башчысы болууга моралдык укугу жок дешсе, дагы бири өлкөдө саясий абал курчуп турганда, президенттиктен кетем дегенин сынга алып жатышат.

Алар Сооронбай Жээнбековду өлкөдө туруктуулук орномоюнча президенттиктен кетпей туруга чакырышууда. Буга чейин Садыр Жапаров 2 жолу президент кызматтан кетүү тууралуу арыз жазууга даяр экенин айткан.