Бир ай ичинде Бишкек шаарынын мэри 3 жолу алмашты (видео)

3930

Мурдагы аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев расмий түрдө калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалып ишке киришти. Бирок аны дагы жактырбагандар чыкты. 5-октябрдагы окуядан кийин Азиз Суракматов кызматынан кетүү тууралуу арыз жазып, көп өтпөй эле бул чечиминен баш тартып, жумушуна кайтып келген.

Кийин шайлоого катыша турганын билдирип, отставкага кеткенин жарыялап, ордуна биринчи вице-мэрликке дайындаган Нариман Түлеевди калтырып кеткен. Бирок мэрлик кызматты эңсегендер буга макул болбой, митингдер уюштурулган. Бир жумадан бери калаа мэриясында кресло талаш токтобой келген. Эми премьер-министр дайындаган Балбак Түлөбаевдин иштеп кетүүсүнө тоскоолдук жаралбайбы? Жаңы мэр жумушту эмнеден баштады?