Бишкекте катталбагандар шаарга кире алабы? (видео)

8564

Бишкек шаарынын тегерегинде 41 санитардык-карантиндик пост тургузулду. Эми эртең мененки саат 7ден кечки 8ге чейин жарандар 3 себеп менен гана көчөгө чыга алышат. Бул — дүкөнгө азык-түлүккө, дарыканага барууга, дарылоо процедураларын алуу үчүн гана.

Ошондой эле, өзгөчө абал режими киргизилген аймактардагы мекеме же компания өз кызматкерлеринин колуна мөөр басылып, жетекчинин колу коюлган документ карматышы керек. Аталган кагазды блокпосторго көрсөтүү менен жумушка барып-келсе болот.