Кыргызстан Кытай чек арасы аркылуу жүк ташууну жандандырууга белсенүүдө

9722

Кошуна өлкөгө тийиштүү нота жөнөтүлгөнү белгилүү болду. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди. Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдарына даярдык иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Жүктү Торугарт жана Эркечтам пункттары аркылуу өткөрүү пландалууда. Кыргызстандык жүк ташуучулар үчүн шарттарды түзүү керектигин эске алуу менен бул процесстин механизмдерин жана алгоритмин иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Маалым болгондой, эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын жабылышы жеңил өнөр жай жана текстилдик өндүрүштүн ишмердүүлүгүнө, жабдууларды ташууга кыйла таасирин тийгизген. Анткени кийим-кече тигүүгө керек болгон чийки заттын 80-90 пайызы жана фурнитуранын басымдуу бөлүгү Кытайдан ташылып келет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.