231

Президенттик шайлоо учурунда премьер кызматынан кетеби?


Жогорку Кеңешти кезексиз сессияга чакыруу маселеси чечиле элек. Буга чейин депутаттар мөөнөтүнөн мурда 21-августта жыйынга чогулуп, жаңы премьер-министрди бекитээри айтылган. Бирок ал азырынча сөз бойдон гана калууда. Регламентке ылайык, депутаттардын кезексиз отуруму президенттин, өкмөттүн же эл өкүлдөрүнүн үчтөн биринин демилгеси менен гана өтөт. Азырынча төрагага бул боюнча эч кандай сунуш түшө элек. Ошондой эле, премьер-министрликке көрсөтүлчү кандидаттар боюнча да маселе талкууланган эмес.