131

Президенттикке ат салышууну каалагандардын саны 59га жетти


Президенттик кызмат үчүн ат салышууну көздөгөн кыргызстандыктардын саны 59га жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады. Мамлекет башчылыгына талапкерлердин арызын кабыл алуу кечээ күнү түндө саат 12де аяктады. Кандидаттардын 48и өзүн-өзү көрсөтсө, он бирин саясий партиялар сунуштаган. Эми шайлоо мыйзамына ылайык, президенттикке көрсөтүлгөн жаран 30 миңден кем эмес кол топтоп, 1 миллион сомдук шайлоо күрөөсүн төлөшү зарыл. Ошондой эле, кандидат өзүнүн шайлоо фондун ачып жана мамлекеттик тил боюнча тест тапшырышы керек.