103

Президенттикке талапкер катары катталууга арыз берген 2 адам жарыштан баш тартты

ЦИК адреска
Алардын бири 62 жаштагы пенсионер Анвар Сартаев болсо, экинчиси “Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо” фондунун президенти, 60 жаштагы Нусрет Муса-Оглы Мамедов. Эске салсак, 1-августка чейин 59 адам талапкер болуп катталуу үчүн Боршайкомго арыз тапшырган болчу. Алардын 11ин ар кандай саясий партиялар жылдырса, 48и өзүн-өзү көрсөткөн.

Эми арыз бергендер талапкер катары катталуу үчүн мамлекеттик тилден атайын тест тапшырып, 30 миң кол топтоп, 1 миллион сомдук күрөө коюшу керек. Боршайком кабарлагандай, шайлоого катышуудан баш тарткандар бул талаптардын бирин дагы аткарышкан эмес.