Кыргызстанды Кыргыз Эл Республикасы деп өзгөртүү сунушталды (видео)

2534

Республиканын атын өзгөртүп, Элдик курултайдын укуктарын кеңейтүү. Конституциялык кеңешменин кезектеги отурумунда бир катар сунуштар айтылды. Айрымдары баш мыйзамдагы «светтик мамлекет» деген пунктту да өзгөртүп коюу керектигин айтышса, кээ бири бул артка карай кадам болот деп сынга алышты.

Ошондой эле, аталган кеңешменин бир катар мүчөлөрү Жогорку Кеңешти эки палаталуу кылып өзгөртүп, ар бир райондон «эл өкүлүн» шайлоону сунушташууда. Бирок бул айтылгандардын канчасы кабыл алынат белгисиз.