НТС

Путин Донбасстагы туткундарды бошотуу маселесин талкуулады

epa04218415 Russian President Vladimir Putin talks over the phone with businessman Alexander Kuksenko, whose farm was severely damaged during the 2013 flood, during a video conference featuring the launch of Unit No. 4 at the Sayano-Shushenskaya HPP in Blagoveshchensk, Russia, 22 May 2014. EPA/ALEXEY DRUZHINYN /RIA NOVOSTI / KREMLIN POOL MANDATORY CREDIT

Орусия президенти Владимир Путин өздөрүн «ДНР» жана «ЛНР» деп атаган аймактын лидерлери Александр Захарченко жана Игорь Плотницкий менен Донбасстагы туткундарды алмашуу боюнча телефондо сүйлөштү. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Анын айтымында, Захарченко менен Плотницкий туткундарды алмашуу идеасын колдошууда.
Бул өзүн Донецк жана Луганск элдик республикасы деп жарыялап алган аймактардын лидерлери менен Путиндин расмий түрдөгү алгачкы сүйлөшүүсү. Туткундарды алмаштыруу демилгеси “Украин тандоосу” кыймылынын лидери Виктор Медведчукка таандык. Шаршемби, 15-ноябрда Медведчук Путин менен Истра шаарындагы Ново-Иерусалим монастырында жолуккан.

Медведчук Орусия президентин “гумандуулук көрсөтүп”, жикчилдердин башчыларына туткундарды алмаштыруу сунушу менен кайрылууга үндөгөн. Анын айтымында, жылдын соңуна чейин Украина үч жүздөй кишини бошотууга даяр жана орусиячыл жикчилдерден 74 туткунду бошотууну күтүүдө.

Украин тараптын эсебинде, Донецк менен Луганскта 144 украин жараны кармалууда. Киев алардын 87синин турган жерин аныктоого жетишкен. Украинанын чыгышындагы үч жылга созулган куралдуу жаңжал аралыгында үч миңден ашуун украин жараны туткундан бошотулган же табылган. Мындан тышкары төрт жүздөйү дайынсыз жоголууда.