Садыр Жапаров: “Керт башыңар менен жооп бересиңер!” (видео)

3039

Мындан кийин ар бир судья адилетсиз чечими үчүн керт башы менен жооп берет! Бул тууралуу президент Садыр Жапаров сот системасынын кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарада сүйлөп жатып билдирди. Анда мамлекет башчысы сот тутумунун көз карандысыздыгы үчүн болгон күч аракетин жумшап, ага кепил боло турганын айтты.

Ал фемида өкүлдөрүнө кайрылып, кандай гана кысым болбосун кайрылууга жеке телефон номерин бере турганын билдирди. «Бүгүнтөн баштап сотторду мыйзамдуу гана чечим сактай алат», — деди президент.