592

Райондук ИИБ жетекчисинин орун басары баңги зат бизнесине шектелип кармалды

грабители
Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары баңги зат бизнесине шектелип кармалды. Ал милиция менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин биргелешкен операциясы учурунда колго түшкөн. Маалыматтарга караганда, алгач эки адам 5 килограммга жакын апийим менен кармалган. Иликтөөнүн жүрүшүндө, бул ишке тиешеси бар деп милиция башчысынын 46 жаштагы орун басары да камакка алынган. Аны менен кошо колго түшкөн кишинин бирөө Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер экени аныкталган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.