ЖЭБдин жооптуу адамдарына карата тергөө башталды (видео)

1910

Акыркы үч күндө Бишкекте аба тазара түшкөнү байкалууда. Көпчүлүк муну экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Бишкек жылуулук электр борборунун жооптуу кызматкерлерине карата сотко чейинки тергөө иштерин баштаганы менен байланыштырып жатат.

Жакында эле премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков ТЭЦтен чыккан зыяндуу заттар белгиленген ченемден 3 эсе көп болуп жатканын ачыкка чыгарган. Мындан улам жылуулук электр борборун газга өткөрүү пландалып жатканы белгиленген.