НТС

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында коронавирус аныкталган 2 адам жатат

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында коронавирус инфекциясы менен 2 адам жатат. Бул тууралуу башкы дарыгер Гүлжигит Аалиев билдирүүдө. Анын айтымына караганда, азыркы тапта бейтаптардын абалы канааттандырарлык.

Башында алардын дене табы жогору болуп, тамагы ооруп, жөтөлүп жатышкан. Учурда алардын абалы канаттандырарлык экени айтылууда. Ак халатчандар алардын ден соолугун жакшыртуу үчүн баарын жасап жатышат, — дейт Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери.

Азыр жугуштуу оорулар ооруканасынын карантининде 44 адам жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.