Өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны 14 адамга жетти (видео)

4770

Кыргызстанда барган сайын эпидемиологиялык абал курчуп баратат. Коронавируска кабылгандардын саны көбөйдү. Азыр жаңы типтеги вирусту жуктуруп алгандар 14 болду. Буга чейин Ноокат менен Сузак райондорунда үчтөн кишиден илдет табылса, түндөгү анализдин жыйынтыгы менен Сузакта 5, Баткенде 1 кишиден коронавирус аныкталган.

Ал эми, кечээ кечке маал Бишкекте дагы эки адамдан чыкканы кабарланды. Алардын бири Франциядан келип, учурда мурдагы Ганси авиабазасында обсервацияда жаткан. Экинчиси, «Ак кеме» мейманканасында изолюцияга алынгандардын ичинен чыккан. Ал жакында эле умрадан келген.