БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова суракка чакырылды (видео)

2294

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ички иштер министрлигине сурак берүүгө барды. Башкы прокуратура 8-октябрда парламенттик шайлоого байланыштуу мыйзам бузуулар боюнча материалды “Шалаакылык” беренеси менен каттап, Ички иштер министрлигине жөнөткөн.

Буга чейин БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова парламенттик шайлоодогу мыйзам бузулган учурлар боюнча Боршайкомдун жетекчилигине иш козгоо өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылууну пландап жатканын билдирген эле. Муну айрымдар Борбордук шайлоо комиссиясына басым катары баалашууда.