Өлкөдөгү кызматтык орун алмашуулар аягына чыга элек (видео)

1285

Өлкөдөгү кызматтык орун алмашуулар аягына чыга элек. 2 күн мурда эле Бишкектин биринчи вице-мэрлигине дайындалган Нариман Түлеев кайра ордун бошотту. Ал эми Бактыбек Сыдыков «Манас» аэропортунун жетекчилигинен кетет, деп айткан Садыр Жапаровдун убадасы аткарылган жок.

Сыдыков президенттин милдетин аткаруучусун көндүргөнүн айтып, кызматта калганын билдирди. Буга чейин аэропорттун кызматкерлери Сыдыковго каршы митингге чыгышкан. Башка мекемелерде дагы жаңы жетекчини кабыл алуу же ага каршы иш-чаралары уланууда.