С. Жээнбеков бизнес коомчулугу бир катар мамлекеттик мекемелерге нааразы экенин айтты

4533

«Коррупция менен күрөшүү колуңардан келбей жатса, арыз жазып кеткиле. Колунан келген адамга орун бошоткула». Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында айтты.

Анда мамлекет башчысы коомчулукта паракорлукка каршы күрөшкө байланыштуу Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына, Финполицияга жана Мамлекеттик каттоо кызматына сын-доомат көп экенин билдирди. Ошондой эле, бизнес коомчулугу бир катар мамлекеттик мекемелерге нааразы экенин айтты. Анткени алар жергиликтүү жана чет өлкөлүк бизнестин өнүгүшүнө бут тосууну улантып жатышат.

Ошондой эле аталган кеңештин буга чейинки кабыл алынган айрым чечимдеринин аткарылышына жетиштүү убакыт берилгени менен белгиленген мөөнөттөн бир нече айга чейин созулуп, аткарылбай жатат. Айрым учурларда ашыкча бюрократия же формалдуу мамиле болууда — деди мамлекет башчысы.

Коопсуздук кеңешинин чечимдерин аткарбагандарга жана алардын аткарылышына «саботаж» жасоого аракет кылгандарга карата чара көрүлөрү тууралуу мамлекеттик органдардын жетекчилери кабардар экенин эскертти. «2018-жылдын 8-февралында болгон биринчи Коопсуздук кеңеште сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү маселесинин алкагында бир катар жакшы жыйынтыктарга жеттик. Бирок иш дагы деле жетишсиз болуп жатат деп эсептейм», — деди президент.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.