3214

Россия, Кыргызстан хоккейди өнүктүрүү боюнча биргеликте иш алып барат

Объединить(5).mp4_20170306122540
Эки өлкө ортосунда бул жаатта кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду. Бул үчүн Бишкекке Россиянын хоккей боюнча федерациясынын президенти, олимпиаданын үч жолку чемпиону Владислав Третьяк келди. Эми мындан ары россия тарап биздин өлкөгө бул спорттун түрү боюнча ар тараптуу колдоо көрсөтүшөт. Кызматташуунун алкагында Бишкекке машыктыруучулар, адистер келип, жергиликтүү спортчуларга семинарларды өткөрүшөт. Ошондой эле, Кыргызстандык судьялар Россиялык кесиптештеринен кеп-кеңеш ала алышат. Меморандумга кол коюлган соң, Владислав Третьякка Улуттук Олимпиада комитети тарабынан алтын төш белги ыйгарылды. Расмий иш чарадан кийин, легендарлуу хоккеист НТС телеканалына эксклюзивдүү маек берди.