443

Россия Сирияда жаңы коопсуздук зонасы түзүлгөнүн билдирди

2
Орусиянын коргоо министрлиги Сирия оппозициясы менен Хомс шаарында жаңы коопсуздук зонасын түзүү тууралуу макулдашууга келгенин билдирди. Мекеменин расмий өкүлү Игорь Конашенков ок атышпоо 3-августта саат 12де күчүнө киргенин айтты. Ал деэскалация зонасы деп аталган аймак 147 миңдей киши жашаган ондогон конушту камтый турганын кошумчалады.

Хомс провинциясынын түндүк тарабындагы аймактар жакында эле Сирия армиясынын аткылоолоруна, ошондой эле сириялык учактардын аба соккуларына туш болгон. Бул район Орусиянын демилгеси менен түзүлүп жаткан төрт деэскалация зонасынын бири болуп эсептелет. Конашенковдун айтымында, учурда түштүк-чыгышта жана Дамасктын айланасындагы эки коопсуздук аймагы ”ийгиликтүү иштеп жатат”.

Орусия, Түркия жана Иран тарабынан иштелип чыккан планга ылайык, төртүнчү зона өлкөнүн түндүк-батышындагы Идлиб провинциясында түзүлмөк. Бирок Түркиянын зонанын чек аралары боюнча каршылыгынан улам, ал долбоор ишке ашырыла элек. Орусия Сириянын президенти Башар Асаддын аскерлерине 2015-жылдан бери колдоо көрсөтүп келет. Бир бөлүгү Түркия тараптан колдоого алынып жаткан оппозициялык күчтөр менен болгон күрөштө Иран дагы Асадды колдойт.

Буга чейин Анкара бир канча жолу Сирияда лидер алмашышы керектигин айткан. 2011-жылдан бери Сирияда жүздөгөн адамдар каза болуп, миллиондогону үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болушкан.