НТС

Россия ТИМи Тулада кыргыз айылын курууга тыюу салууну текшерет

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги Орусиянын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жана Тула облусунун Заокский районунун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Аталган райондо беш жүздөй кыргызстандык үй-бүлө жер үлүшүнөн ажыроо алдында турат.

Элчиликтен билдиришкендей, 3-июлда дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери Заокский районуна барып келишкен. Ага чейин Клищино кыштагынын тургундары жаңы негизделген «Ала-Тоо» деп аталган кыргыз айылынын айланасындагы маселени чечүүгө жардам берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Айыл кыргызстандык мигранттар 478 жер үлүшүн жеке менчикке сатып алып, айрымдары турак жай кура баштаганда түзүлгөн. Жер ээлеринин жарымынан көбү Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар. Азыркы учурга карата анда 40ка жакын үй курулуп, онго жакынында адамдар жашап жатышат.

Бирок быйыл 29-июнда Заокский районунун депутаттар кеңеши 2016-жылы турак жай курууга берилген жердин статусун жокко чыгарып, жерди айыл чарбалык керектөөгө аныктаган.

Бул маселени талкуулоо үчүн элчилик кызматкерлери Заокский райондук акимчилигинин башчысы, «Сотый километр» деп аталган риэлтордук компаниянын өкүлдөрү жана мекендештер менен жолугушту.

Ошондой эле бул маселе 5-июлда, Кыргызстандын Москвадагы элчиси Болот Отунбаевдин Орусия ТИМинин өкүлү Александр Стерник менен жолугушуусу маалында көтөрүлгөн. Анда Стерник бул маселени Тула облусунун жетекчилиги менен талкуулоону убадалаган.

Быйыл 29-июнда Заокский районунун депутаттар кеңеши 2016-жылы турак жай курууга берилген жердин статусун жокко чыгарып, жерди айыл чарбалык керектөөгө аныктаганы 6-июлда белгилүү болгон. Андан мурдараак орусиялык ЖМКларда «Москванын четинде кичинекей Кыргызстан» курулуп жаткандыгы тууралуу макалалар жарыяланган. Мындан улам жергиликтүү бийлик жашоочулардын үйлөрүн каттоого алуудан баш тарткан.