Ишкер Саймаитинин өлүмү боюнча жаңы жагдайлар ачыкталды (видео)

5808

Түркияда киши колдуу болгон ишкер Айеркен Саймаитинин жанынан 4 өлкөнүн паспорту табылган. Бирок документтердин кайсынысы жасалма экени азыр такталууда. Ал арада Стамбулда бизнесмендин өлтүрүлүшү Жогорку Кеңештин отурумунда да көтөрүлдү.

Себеби маркумдун жанынан Кыргызстандын Башкы консулдун унаасынын табылганы аз келгенсип, аны өлтүргөнгө шектелгендин экөө кыргызстандык экени маалымдалган. Инцидент боюнча өкмөт мүчөлөрү маалымат беришип, бирок жаңы кабар айтышкан жок. Ал арада айрым депутаттар өздүк булактарына таянып, жаңы жагдайларды ачыкташты.