НТС

Россиядагы кыргыз мигранттарына мамиле начарлады (видео)

Россияда иштеген кыргызстандык эмгек мигранттарынын жүрүм-турумун жакшыртуу үчүн атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти. Ал комиссиянын мүчөлөрү мекендештерибизди мыйзам бузбоого жана жалпы өлкөнү жаманатты кылбоого чакырышат.

Эскерте кетсек, акыркы убактары Россияда кыргызстандык мигранттардын катышуусу менен болгон кырсыктар көбөйүүдө. Мунун кесепети Россияда иштеп жүргөн жарандарыбызга тийип, айрым мекендештерибиз жумушунан айрылууда.