НТС

Россиялык туристтин сөөгү 6200 метр бийиктикте табылган

Ошто Чоң-Алай районундагы Ленин чокусуна чыгып, кайра түшүп келе жатканда каза болгон турист Россиянын Ички иштер министрлигинин генералы экени маалым болду.

45 жаштагы Иван Иванов альпинизм менен алектенип жүргөн. Генерал эмгек өргүүсүн алып, Ленин чокусуна чыгуу үчүн Кыргызстанга келген.

Россиялык жаран 27-июль күнү Ленин чокусунан түшүп келе жатып, 5 миң метр бийиктикке келгенде байланышка чыгып, ошол бойдон дайынсыз жоголгон. 4-августта гана туристтик компаниясынын альпинисттери 6200 метр бийиктиктен маркумдун жансыз денесин табышкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.