Кыргыз-тажик чек арасында 14 аскер жаракат алды (видео)

2261

Баткендеги чек ара бөлүктөрүнүн баары күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Ошондой эле, Тажикстан тараптан жасалган агрессиядан улам тутанган тирешүүдө үй-жайын таштап кеткен кары-картаңдар, балдар жана аялдар үйлөрүнө кайтып жатышат.

Ал эми бүгүн эки өлкөнүн тиешелүү жетекчилери өткөргөн жолугушууда тараптар бир нече маселелер боюнча орток пикирге келе алышты. Алар: атышууну токтотуп, чек арага тартылган кошумча күчтөрдү, аскердик техникаларды артка кайтаруу. Кыргыз тарап Тажикстан сүйлөшүүлөр боюнча милдеттенмелерин толук аткарат деп үмүттөнүүдө.