Жазаларды аткаруу кызматынын тергөөчүсү 20 миң сом пара менен кармалды

6053

Жазаларды аткаруу кызматынын Тергөө башкармалыгынын жетекчиси 20 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Ага ылайык, колго түшүрүү операциясы Бишкектеги кафелердин биринде жүргүзүлүп, ага ИИМдин ички иликтөө кызматынын өкүлдөрү менен финполициянын кызматкерлери да катышкан.

Маалыматка караганда, 12-ноябрь күнү милицияга бир жаран кайрылып, ал пара талап кылып жаткан күч түзүмүнүн өкүлүнө карата чара көрүүсүн өтүнгөн. Айтымында, кызматкер кайсы бир ишти сотко чейинки териштирүүгө жеткирбей чечип берүү үчүн 20 миң сом талап кылган.

Аталган факт кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «пара талап кылуу» беренеси менен катталып, тергөө башталды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.