Шайлоолордо добуш сатууну мыйзамдаштыруу керекпи? (видео)

2992

Шайлоолордо добушун саткандарды 20 миңден 30 миң сомго чейин айыпка жыгуу сунушталып жатат. Аталган мыйзам долбоору коомдук талкуудан өтүп, февралдын соңунда парламентте каралат деп күтүлүүдө.

Документке ылайык, эгер добушун сатып жаткан адам ага бул тууралуу сунуш ким тарабынан түшкөнүн өз ыктыяры менен укук коргоо органдарына айтып берсе, штрафтан кутулат. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов добуш сатууну токтотуунун жаңы жолун ойлоп тапты. Эл өкүлүнүн пикиринде, бир добуштун баасын 20 миң сомго чейин жогорулатуу керек.