Башкы прокуратура: «Тергөө бөлүмүндө 20 кылмыш иши жоголгон»

6182

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүндө 20 кылмыш иши жоголуп кеткен. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ага ылайык, мындай факт ар кандай кылмыштар боюнча айыпталып жаткандарды издөөгө байланыштуу токтоп турган иштерди текшерүү учурунда ачыкка чыккан. Материалдар кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине кылмыш кодексинин «шалаакылык» беренесинин негизинде катталды. Сотко чейинки өндүрүш иштери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке тапшырылды.

Эске салсак, буга чейин Башкы прокуратура Ош шаардык милициясында жаңы жылдан бери 64 кылмыш иши жок кылынганы аныкталганын жарыялаган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.