Пандемияда жакындарын жоготкондор митингге чыгышты (видео)

1627

Былтыр жай айларында коронавирустан жакындарын жоготкондор митингге чыгышты. Алар саламаттыкты сактоо тармагындагы айрым жетекчилерди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышты. Ошондой эле, ал кызматкерлер кайра медицинага кайтып келбеш үчүн кара тизмеге киргизүү керек, — дешет жакындарынан айрылгандар.

Бул айыптоолорго саламаттыкты сактоо министринин орун басары менен өлкөнүн башкы пульмонологу жооп кайтарды. Алар бул такталбаган, далили жок маалымат менен жетекчилерге көө жабуу аракети болуп жатканын билдиришүүдө.