Садыр Жапаров депутаттарга сунуш берди (видео)

3730

Жогорку Кеңештин депутаттарынын көбү президенттик шайлоо менен кошо референдум өткөрүп, өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо маселесин элге салуу демилгесин колдоп жатышат. Эскерте кетсек, эки күн мурда Садыр Жапаров 10-январда жалпы элдик добуш берүүдө кыргызстандыктарга эки суроону берүүнү сунуштаган.

Ал мамлекеттик башкаруунун формасын жана парламентти партиялык же аралаш тутумда тандап алууну аныктоо. Дал ушул эки маселеде жарандардын добушуна жараша чечим кабыл алгандан кийин баш мыйзамдын жаңы редакциясын бекитүү кыйла жеңилдейт деген ойлор айтылууда. Ошол эле учурда буга каршы тараптар дагы бар.