КРда бензин 6 пайызга, дизель 9 пайызга кымбаттайт (видео)

2289

Күйүүчү-майлоочу майдын баасы дагы көтөрүлөт. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын өкүлдөрү апрель айынын ичинде бензин алты пайызга, дизель майы тогуз пайызга кымбаттайт деп күтүлүп жатканын билдиришти. Буга дүйнөлүк рынокто нефтинин баасынын өсүүсү жана улуттук валютанын долларга карата арзандашы негизги себеп болууда.

Ал арада жазгы талаа иштеринин башталышы менен күйүүчү майдын кескин кымбаттап жатышы дыйкандардын абалын бир топ кыйындатып койду. Айтымдарында, бул алардын өндүргөн продуктуларынын наркынын жогорулашына алып келүүсү турган иш. Себеби багбандар жер айдоодон тарта эле кошумча чыгымга учурай башташты.