Талант Мамытов шайлоону таза өткөрүүнү убадалады (видео)

3595

Артем Новиков премьер-министрдин милдетин аткарууга киришип, депутаттар менен бирге бюджеттин 36 миллиард сомдук тартыштыгын жоюу маселесин талкуулады. Ал эми президенттин милдетин аткара баштаган Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 10-январдагы шайлоону таза өткөрүүнү убадалады.

Учурда өлкөнү 33 жаштагы Новиков менен 44 жаштагы Мамытов башкарууда. Ишемби күнү кечинде Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруу ыйгарым укуктарын өткөрүп, премьер-министр катары ишин убактылуу токтоткон. Конституцияга ылайык, мындай учурда төрага өлкөнү башкарып, аткаруу бийлигин жетектөө биринчи-вице-премьер-министрге өтөт.