Убадасын аткарбаган эл өкүлдөрү (видео)

1597

Бишкек шаардык кеңешинин 27-чакырылышы өз ишин аяктоодо. Калаа депутаттары акыркы жыйынга чогулуп, бир катар маселелерди талкуулашты. 2 жумадан кийин жаңы курамга кире турган партиялардын үгүт иштери башталат. Азырынча жергиликтүү кеңешке шайлоого канча партия катыша турганы белгисиз. Учурда саясий бирикмелер арыздарын тапшырууну улантышууда.

Ал эми Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров азыркы курам менен келген саясий партиялар шайлоо алдында шаардыктарга берген убадаларынын 10 пайызын гана аткарганын билдирди. Калган 90 пайыз кайсы убадалар сөз бойдон калды?