364

Садыр Жапаровдун адвокаттары Бишкек шаардык сотуна кайрылышат


Эске салсак, кечээ баш калаанын Биринчи май райондук соту экс-депутатка өкүм чыгарып, аны 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн режимдеги абакка кескен. Ага 2013-жылы Ысык-Көлдө Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкты уюштурду, деп күнөө тагылып жаткан. Алгач, Садыр Жапаровго карата кылмыш жаза кодексинин “адам өлтүрүүгө аракеттенүү”, “бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү” жана “бейбаштык” беренелери боюнча да айып тагылган болчу.

Бирок ал, бул беренелер боюнча акталып, “бийлик өкүлүн барымтага алуу” беренеси боюнча 11 жыл 6 айга түрмөгө кесилди. Башта мамлекеттик айыптоочулар соттон Жапаровду 15 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесүүнү суранган. Жактоочулар болсо, буга эч кандай негиз жок экенин айтышууда. Эске салсак, Садыр Жапаров быйыл, 25-мартта кыргыз-казак чек арасында УКМК тарабынан кармалып, камакка алынган болчу.