Чек аранын чечилгис көйгөйлөрү (видео)

756

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселелери боюнча жумушчу топтору бул жумада Бишкекте жолугушуу өткөрүштү. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө кайсы суроодо орток пикир табылганы, кайсы маселеде эки анжы болуп жатканы белгисиз. Буга чейин жолугушууларда айтылган сөздөрдү ачыктабай туруу тууралуу макулдашылган. Бирок бул жумада Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда алмашыла турган эки жер боюнча маалымат ачыкталды.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун айтымында, Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Арык-Асты тилкеси менен Самаркандек кыштагындагы Самаркандек участогун Тажикстанга айыр баштоо сунушталууда. Айрым маалыматтар боюнча, кошуна өлкө бул эки тилкенин ордуна Майский жана Чоркух айылындагы участокторду берет. Жергиликтүү тургундардын маалыматына караганда, Арык-Асты участогунун аянты 15 гектардын тегерегинде, азыр 30 дай турак жай турат. Чек арадагы чырлардан улам ал үйлөрдөгү жашоочулар көчүп кетип, азыр бош экен.

Ал эми Самаркандек айылындагы алмашууга сунушталып жаткан тилке бир гектар 40 сотыхты түзөт. Аны Тажикстандын Чоркух айылындагы ушундай эле аянттагы участокко алмашуу каралып жатыптыр. Расмийлердин айткандарына ишенсек, жогорудагы тилкелер алмашылса, шахмат түрүндө аралаш болуп калган территориялар эки тарапка бөлүнүп калат.

Эми эки өлкө ортосунда түзүлгөн топографиялык жумушчу топ жаздын биринчи күнүнө чейин Баткен району менен Исфара шаарынын ортосундагы окшош жана аянты бирдей тилкелерди аныктап, алмаштыруу боюнча сунуштарды даярдашы керек. Улам-улам катталып турган жаңжалдар көкөйүнө көк таштай тийген Баткендиктер участокторду айыр баштоо менен чек ара маселесин чечүүгө каршы эмес. Болгону жердин аянтынан, анын сапатынан, суунун жеткиликтүүлүгүнөн утулуп калбаш керек деп эскертишүүдө.