Жумалык (20.01.20 – 25.01.20) (видео)

976

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда алмашыла турган эки участок аныкталды. Бирок жергиликтүү тургундар ага макулбу? Баткендиктердин тилегени чек ара тынч маанайда жана өлкөнүн кызыкчылыгын эске алып чечилсе. Эл араздашуудан, жаңжалдардан тажады.

Жашоо шартка нааразылар бакытын Памирден табабы? Вице-спикер турмушу начарларга этникалык кыргыздар байырлаган аймакка жолдомо берүүгө даяр. Ал эми Алтынбек Сулайманов мурдагы бизнесмен эмеспи, жарандарга шайлоодон кантип пайда табуунун жолун айтып берди. Депутаттар мындай өзгөчө идеяларды кайдан табышат?

Алдыдагы шайлоодо добуш сатууну кантип алдын-алууга болот? Колунда акчасы да, бийлиги да жоктор кантет?