Жумалык (31.08.20 – 05.09.20) (видео)

1035

Шайлоонун шайтан оюндарыбы же партиялар шайлоого даяр эмеспи? Чу дегенде эле соттошуулар башталды. Борбордук шайлоо комиссиясы «Бүтүн Кыргызстан» партиясын жарыштан четтетти. Ал эми «Кыргызстан» саясий биримдигинин документтерин сот кабыл алууга милдеттендирди. Эки партия тең документ тапшырууда мыйзам бузган деп күнөөлөндү.

Үгүт иштери башталды. Бир ай бою кыргызстандыктар жалындуу сөздөрдү угуп, жаркылдаган талапкерлер менен таанышышат. Партия өкүлдөрү таза күрөшүүгө сөз беришип, меморандумга кол коюшту. Бирок бул документтин юридикалык күчү жок. Эксперттер шайлоочулардын он пайызы добушун сатат деп болжолдошууда. Марадан канчалык аз партия өтсө, ошончолук көп мандат алуу мүмкүнчүлүгү жогору.

Эки күндүк сессия. Эс алуудан келген эл өкүлдөрү элетке барабыз деп тарап кетишти. Бул курамда бир айлык депутаттар пайда болду. Пандемия маалында пайдасы тийген жок деп сынга кабылган парламентарийлер эми парламенттик шайлоого камынууга киришти. Депутаттыктан тажагандар өз тармактарына кайтмай болушту.